Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 24-июлда USAID/DFIDнин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасынын жетекчиси Крегг Халстедди кабыл алды. Жолугушууда Жогорку Кеңештин кайрылуусу менен программанын алкагында парламенттин ички жана тышкы коммуникациясына жасалган анализдин жыйынтыктары менен тааныштыруу болду. Жээнбеков Жогорку Кеңеш менен жүргүзүлүп жаткан натыйжалуу кызматташуу жана шайлоочулардын парламенттин иши тууралуу маалымдар болуусун жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн программанын жетекчисине ыраазычылык билдирди.
"Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө калкты Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу калыс маалыматка ээ кылуу маанилүү. Бул багытта ишти жакшыртуу максатында Коммуникациялык стратегия иштелип чыгып, ал бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын арттырууга жана шайлоочулар менен байланышын кеңейтүүгө багытталат”,- деди төрага.