Экс-вице-мэр Валерий Корниенко жубайын туулган күнү менен темир тор артынан куттуктады
Экс-вице-мэр Валерий Корниенко соттук отурум башталгыча жубайын туулган күнү менен куттуктоого үлгүрдү
Туулган күнүндө темир тор артынан гүл алган экс-вице-мэр Валерий Корниенконун жубайы
Экс-вице-мэр Валерий Корниенко соттук отурум башталгыча жубайын туулган күнү менен куттуктоого үлгүрдү
Бүгүн, 26-июлда Ленин райондук сотунда “коррупциялык
ишке катыштыгы бар” деп айыпталып жаткан экс-вице-мэр Валерий Корниенко соттук
отурум башталгыча жубайынын туулган күнү менен темир тор артынан куттуктаганга
жетишти. Анда Корниенко жактоочусунан алдырган бир букет роза гүлүн белекке
берди. Соттук отурумга катышканы келген жарандар кол чаап коштоп турушту. Эске
сала кетсек, бүгүн, 26-июлда ЖКнын депутаты, экс-мэр Нариман Түлеевге жана
мэриянын мурунку кызматкерлерине карата өкүм чыгарылат.