Таластыктар Казакстанга кетчү "Быстроток" каналын ачкандыгы үчүн Казакстан өз аймагынан 1,5 миң гектар жерди Кыргызстанга ижарага берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. "Кыргыз боордошторубуз өтө чоң талап коюшту. Бирок менимче, биздин башка айлабыз жок. Алардын малы үчүн өзүбүздүн аймактан жер беришибизге туура келет. Ооба, биз алар талап кылгандай 4 миң гектар эмес, 1,5 миң гектар гана беребиз",- деп билдирет Жамбыл облусундагы Жуалин районунун акими Бесбай Кансейит. Айтымында, Жамбыл облусуна жаңы канал курулуп, суудан көз каранды болбой калгыча 1,5 гектар жер кыргыз тарапта болот. Каналдын курулушу 2014-жылы башталат экен. "Менин 15 гектар жерде күн карамам, 6 гектар жерде картошкам бар. Алар аркылуу үй-бүлөмдү багам. Азыр суу берилип, кубанып жатабыз. Бирок жаңы каналыбызды курмайынча өзүбүздү тынч сезе албайбыз",- деп кошумчалайт казакстандык дыйкан Байсерке Ешенкулов. Казакстандык ММКлар "Быстроток" каналын таластыктар тосуп салып, Жамбыл облусундагы эгин талаасы куурап калуу коркунучуна кабылганын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик кыргыз тараптын талабын аткарууга аргасыз болгонун жарыялашууда.