Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган адамга ок тийген. Ага операция жасалып, абалы оор

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган адам октон жаракат алган. Маалыматты жергиликтүү өздүк булактар билдирди.

"Эки тарапты тынчтандыруу үчүн асманга атылган октонбу же тажик чек арачылардын огунанбы белгисиз, жабыркаган адамга ок тийген", - деп билдирет өздүк булак.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, жабырлануучунун абалы оор. Ага операция жасалып, ок алынган.

"Жабырлануучунун көкүрөгүнө ок тийген. Алгач Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунун "Тез жардам" кызматына чакыруу түшкөн. Бригада окуя болгон жерден жаракат алган адамга жардам көрсөтүп, Баткен облустук бириктирилген ооруканасына алып барышкан. Ал жактан бейтапка операция жасалып, ок алынган. Бүгүнкү күндө облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор, эсине келген, бирок ал жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2019-03-14 12:15:44
Эми өзүңөр күнөөлүү деп чыкпасаңар эле кыргыздарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан