Бийликтен Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча макулдашуунун протоколун талап кылган Бактыяр Калпаев жумуштан кетирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап өз аймагында куруп жаткан объектилерди башка мамлекет менен биргеликте пайдаланууга жол бербеш керек. "Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде жол курулуп жатат. Аны биргеликте пайдаланууга бербөө керек. Биз бир дагы метрди бере албайбыз. Бирөөгө убактылуу пайдаланууга же башка бир шарт менен беришибиз мүмкүн", - деди Ташиев.
Мындан тышкары ал буга чейинки маалымат жыйынында Баткен облусунун жаштарынын атынан сүйлөгөн Бактыяр Калпаев жумуштан айдалганын баса белгиледи. "Бийликтин колунан келет экен" деп баалады саясатчы.
Калпаев бул маалыматты ырастады. "Мени кызматтан алганы менен чек ара боюнча айткан ой-пикиримден артка кайтара алышпайт", - деди Калпаев. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген.