Бүгүн, 26-июлда Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустарды текшерүү рейди башталды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин алкагында учурда 15 кичи автобус текшерилди. Натыйжада алардын төртөөсүнө эскертүү берилди. Алардын үчөөсүнүн отургучтары жетишсиз болсо, бир коомдук унаанын ичиндеги тазалык талапка жооп берген эмес. Бул кемчиликтерди иретке келтирүү милдеттендирилди.