Кыргыз-Тажик чек арасындагы чогулган эл үйлөрүнө тарап, абал турукташууда. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева кабарлады.
Анын айтымында, учурда Ак-Сай-Тамдык жолунда 20дай гана адам калды. Бирок тосулган унаа жолдор дале ачыла электигин белгиледи.
"Учурда чек арадагы Ак-Сай-Тамдык жолуна чогулган эл тараптан 20дай гана адам калды. Башкача айтканда абал турукташты. Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү чек араны кайтаруу, курал колдонбоо жана элди таратуу маселесинин үстүндө сүйлөшүп жатышат. Бирок Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу ачылбай турат", - деди Абдыкариева.
Буга чейин чек арадагы чырдан Тажикстандын эки жараны каза болуп, дагы 20дай адам жаракат алганын аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышкан. Салкын Абдыкариева Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасында мындай маалымат жоктугун билдирди.
"Бизге Тажикстан тарап канча жараны каза болуп, канчасы жаракат алганы боюнча маалымат берген жок. Расмий маалымат беришсе, биз дагы кабарламакпыз. Бирок Тажикстандын аймагындагы кырдаалды жана алардын кыймыл-аракети боюнча биз маалымат бере албайбыз", - деди басма сөз катчы.