"КРнын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 26-июлда билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик уставына шилтеме жасоо менен Кыргызстандын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчылары жана башка адамдарга талаптар белгиленген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан