"Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга толуктоолор киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-июлда "Тышкы миграция жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Анда визалык режимди либералдаштыруу максатында электрондук визаны чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга электрондук тартипте, анын ичинде интернет тармагы аркылуу берилүүчү документалдык тастыктаманы киргизүү каралууда. Мунун болушу Кыргызстанга кирүүгө, анын аймагында жүрүүгө, Кыргызстандан чыгууга жана ал аркылуу өтүүгө уруксат берет. Электрондук визаны тариздөө жана берүү тартибин өкмөт аныктаары белгиленген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан