Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кетти

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, чек арадагы кырдаал менен таанышуу максатында Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева бүгүн кетишти. Эл өкүлдөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу максатында кеткени айтылат маалыматта.

Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал тиешелүү мекеме жетекчилери менен жабык эшик артында талкууланган. Кийин жыйында кыргыз-тажик чырын өкмөт тез аранын ичинде чечсин деген маселе коюлганы маалым болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан