Адахан Мадумаров: "Чек арадагы чырга кызыкдар да, буюртма берген да, аны ишке ашырып жаткан да бүгүнкү бийлик"

13-мартта Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушунан улам Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкты. Бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылганы менен акыркы 2 күн бою жаңжал жараткан чек ара аймагында абал курч бойдон калууда.

Ал ортодо интернетке "Адахан Мадумаров Ак-Сай айылындагы жер тилкесин Тажикстан тарапка 49 жылга берип койгон" деген расмий тастыктамасы жок маалыматтар тарап кетти.

Саясатчы Адахан Мадумаров мындай маалыматтарды карандай калп деп атап, өзүнө карата мындай каралоо азыркы бийликтин көрсөтмөсү менен болуп жатканын белгиледи.

"СССРдин тарашы тууралуу документтерге да, Советтер Союзу менен Германиянын согушунун токтошуна дагы Мадумаров кол койгон. Ошол 7-кабаттын берген буйругу, жазмасы, жалаң фейк маалыматтар. Арамза бийликтин иш жүргүзө албагандыгынын, алсыздыгынын кесепети ушул. Мадумаров расмий бийликтен кеткенине 10 жыл болсо дагы кайра эле Мадумаровдун атын атагандык алсыздык, экинчиден сабатсыздык. Катты ката жазган кишилердин бийликке келгенинин кесепети ушул. "Эски бийлик, эски бийлик" деп кыйкырып жаткан болсо жаңы бийлик 10 жылдан бери оңдоп койбойбу? Бул караңгылык, сабатсыздык өтө чектен ашкан кара ниеттик", - деди Мадумаров.

Бул боюнча Адахан Мадумаров Govori.TV`га да маалымат берип, чек арадагы чырдын артында бийлик турушу мүмкүн деген пикирин айткан.

"Эмнеге чуунун чыкканын дагы билем. Соңку сурамжылоо боюнча Мадумаровдун кадыр-баркы аябай көтөрүлүп, элдин ишеними көбөйүп кетти. Чек арадагы чырга кызыкдар да, буюртма берген да, аны ишке ашырып жаткан да бүгүнкү бийлик", - дейт Мадумаров.

Адахан Мадумаров: "Чек арадагы чырдын артында бийлик турушу мүмкүн"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан