Баткенде талкаланган милициянын имараттарын калыбына келтирүү үчүн кызматкерлер бир күндүк эмгек акысын которду

Чек арага чектеш аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн талкаланган имараттарын жана кызматтык унааларын ордуна келтирүү үчүн милиция кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бирдиктүү чечим кабыл алынып, бир күндүк эмгек акыларын мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы ички иштер бөлүмдөрүнө талкаланган жана жарактан чыккан имараттарын, атайын техникаларын жана кызматтык унааларын ордуна келтирүү үчүн которушту.

Анткени Баткен жана Лейлек райондорунун ички иштер органдарынын кызматкерлери кыска убакыттын ичинде штаттык режимде өз иштерин улантышы керек.

Алсак, каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан милициянын аймактык пункту толугу менен күйүп кеткен. Жаңы-Жер айылындагы милициянын аймактык пунктунун имаратына дагы кол салуу болуп, ичиндеги бардык эмеректер тонолуп талкаланган. Бул милициянын пунктун 2017-жылы 6-мартта Жаңы-Жер айылдык кеңеши Лейлек РИИБине пайдаланууга беришкен. Ошондой эле ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн Көк-Таш айылында жайгашкан имараты дагы талкаланган.

Андан сырткары, Баткен ОИИБи аныктагандай, ок атышуунун натыйжасында Газель жана Нива үлгүсүндөгү эки автоунаа талкаланган. Жалпысынан алганда Ички иштер министрлигине 2 миллион 29 миң 829 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан