Ысык-Көл облусунда жүргөн "Мак - 2013" операциясынын алкагында 65 тонна 587 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Айтымында, ОИИБ кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте облустун аймагында 19 179 гектар жерди изилдеп чыгышкан жана анын жүрүшүндө 748 гектар жерге жапайы кара куурай өсүп жаткандыгын аныкташкан. Иш-чаранын жүрүшүндө курамына 338 адам кирген 84 топ түзүлүп, 163 гектар аймактагы 65 тонна 587 килограмм кара куурай жок кылынды.