24-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын болуп, анда 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштердин жыйынтыгы талкууланды. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облуста 6 ай аралыгында өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы 5 миллион 388 миң сомду түзгөн. Облус боюнча бир кызматкердин орточо айлык акысы 7 931 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 пайызга өскөн. Белгилей кетсек, ишке орноштуруу жана миграция башкармалыгынын маалыматты боюнча, облуста учурда жумушсуз жарандардын саны 5 023 адам.