Бүгүн, 26-июнда президент Алмазбек Атамбаев “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик кадр кызматы чөйрөсүндө мурда муниципалдык кызматта турган жана терс негиздемелер менен иштен бошотулган адамдар жөнүндө маалыматты тутумдаштыруу үчүн мыйзамдык негизди түзүү максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.