Бишкекте жүргүнчү ташыган 16 кичи автобус каттамдан четтетилди

Бишкекте 8-июлдан 15-июлга чейинки мезгилде санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген 16 кичи автобус иштен четтетилди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуу, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Техникалык талаптарга толук жооп бербеген кичи автобустар менен иш алып баруу күчөтүлгөн режимде улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан