Өкмөт башчы Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча чукул жыйын өткөрө элек

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан. Жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон.

Ал эми эки мамлекеттин чек арасында орун алган окуядан кийин Тажикстандагы Чоркух айылынын 43 жаштагы жашоочусу Хусейн Хакимов көз жумган. Бул тууралуу жергиликтүү Азия плюс басылмасы жазып чыккан.

Бүгүн, 14-мартта бул маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чукул жыйын өткөргөнү тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тарата элек. Ал эми аталган чек арадагы абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Баткенге кеткени парламенттен айтылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан