Депутат Таабалды Тиллаев: "Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча жооптуу өкүлү, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушту"

Бүгүн, 23-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Баткен облусундагы чек ара маселесине байланыштуу билдирүү жасады.

"Бүгүнкү Баткен жергесинде болуп өткөн окуя Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жаранын тынчсыздандырууда. Мамлекеттин аймактык бүтүндүгү баарыбыз үчүн зарыл. Чек арада абал туруктуу эмес экендигин буга чейин айтып, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө маселе коюп келдик.

Чек ара маселесин чечүүдө өз элине аброю жок, өз элинен корккон Өкмөттүн мурдагы облустагы өкүлү, Өкмөттөгү чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри, ошондой эле өз көлөкөсүнөн корккон, эч нерсени чече албаган ИИМ министри сыяктуу кадрлар отурганда карапайым калктын коопсуздугу жана мамлекеттин бүтүндүгү коркунучта кала берет. Анткени буга чейинки мамлекеттер аралык чек ара боюнча келишимдер чийки жана анда Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы четке кагылгандыгын какшап айтып келдик.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча жооптуу өкүлү, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушту. Жыйынтыгын мына бүгүн көрүп отурабыз. Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жоопкерчиликти сезип, кетирген кемчиликтерин моюнуна алышы керек жана баарыбыз кырдаалды курчутпоого салым кошуубуз зарыл. Урматтуу Баткен облусунун калкы, бүгүнкү оор кырдаалда ар бириңиздерге мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ынтымак жана биримдик, ошондой эле сабырдуулук тилейм", - дейт депутат.

22-июлда саат 17:20да Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Анын кесепетинен 10дон ашык адам жабыркаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан