"Кыргызалтын" ишканасынын өкүлү "Кумтөр" боюнча "Centerra Cold" менен сүйлөшүүгө консультант издөөдө көпчүлүк компаниялар 3 айлык кыска мөөнөттүн айынан баш тартканын айтты
"Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров бүгүн, 25-июлда маалымат жыйында "Кумтөр" маселеси боюнча канадалык компания менен сүйлөшүү жүргүзгөн кеңештин иши боюнча маалымат берди. "Ишти каржы иштери боюнча консультанттарды тандоодон баштадык. Ири консультанттарга кайрылсак, "Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө Жогорку Кеңеш 3 ай гана мөөнөт бергенин билишип баш тартып коюшту. Андан кийин юридикалык консультанттарды издеп, 3 компаниянын ичинен "DLA Piper UK LLP`ти" тандап алдык",- деди Шакиров. Айтымында, каржылык консультанттарды издөөдө 14 эл аралык компанияга чакыруу жиберилип, 3 компаниядан иштешүү боюнча сунуш келген. Анын бирөөсү сүйлөшүү процессинде иштешүүдөн баш тартса, экинчиси талапка жооп бербей калган. "Учурда "PricewaterhouseCoopers" компаниясы калды",- деп кошумчалады ал.