Жалал-Абад. Шаардагы таза суу маселеси боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, 26-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясында "Борбордук Азия суу боюнча альянсы" коомдук бирикмеси уюштурган жыйын болду. Коомдук бирикменин жетекчиси Эльмира Жолдошованын айтымында, "Ош жана Жалал-Абад шаарларында таза суу жана саркынды суу системдерин калыбына келтирүү" долбоору иштөөдө. Долбоордун алкагында Жалал-Абад шаарында 4 суу пайдалануулар комитети түзүлгөн. Бул комитетке элге ичүүчү таза суу жеткирүү милдети жүктөлгөн. 

Ал эми жыйында жашоочулар курулуш, унаа жана коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр Турдалы Темирбевге, "Сууканал" ишканасынын башчысы Айтбай Мусаевге суроо беришип, жооп алышты. "Мындай иш-чараларды өткөрүү менен жашоочуларды сууну үнөмдөөгө үйрөтүшүбүз керек. Суу дагы түгөнөт, ага аяр мамиле жасоо зарыл",- дейт Жолдошова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан