Франция: Парламент өлкө президентине орой сөз айтууга тыюу салган мыйзамды жокко чыгарды
Мындан ары Франция президентинин дарегине орой сын айтуу аны шылдыңдоо катары эсептелбейт. Тиешелүү мыйзамды өлкө парламенти жокко чыгарганын "Reuters" агенттиги билдирди. Буга чейин мамлекет башчысына карата айтылган орой сөздөр автоматтык түрдө "президентти шылдыңдоо" деп кабыл алынчу. Эми президент да, өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар да өз дарегине ачуу сындар айтылса, унчукпай, эгер ал сөз ушак болсо, аны дилилдеши керек болот. Эскерте кетсек, мурунку президенттин тушунда "Саркози, жогол!" деген жазуусу бар плакат үчүн демонстранттардын бирине сот 40 евро айып төлөткөн. Мындан ары эгер сот плакатта президенттин дарегине карата ушак сөздөр жазылганын далилдесе, плакат ээси 45 миң евро айып төлөйт. Франциянын учурдагы президенти Франсуа Олланд (сүрөттө). Ал 2012-жылдын май айынан бери өлкөнү жетектеп келет.