Социалдык өнүктүрүү министрлигинде социалдык долбоорлорго жарыяланган сынак аяктаганын аталган министрликтен билдиришти. Негизги темалары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борборлорун колдоо, оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүүчү борборлорун колдоо, балдарды асырап алуу боюнча Ош жана Бишкек шаарларында ресурстук борборлорду ачуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кары-картаңдарга жардам көрсөтүүчү коомдук уюмдарды колдоого болгон сынакка бардыгы болуп 77 бейөкмөт уюмдар өз долбоорлорун жиберген. Учурда алардын ичинен 29 социалдык долбоорлор тандалып алынып, алар менен келишим түзүү иштери жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, долбоорлорду ишке ашырууга 1-2 жыл берилет жана бөлүнчү гранттык каражаттын суммасы 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин болот. Сынактын катышуучулары коммерциялык эмес мекемелер жана жарыяланган сынактык программанын алкагында 1 жылдан кем эмес иштегендер болушу керек болчу.