Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери эмнеге кечиктирилип жатканын мэрия түшүндүрдү

Бишкектеги Сүйөркулов (Донецк) көчөсүн оңдоо иштери Каржы министрлиги менен каржылоо маселелерин макулдашуулардын жүрүшүнө байланыштуу кечеңдетилүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, министрлик Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн тендерлерди карап чыгууда. Белгилүү болгондой, Сүйөркулов көчөсүн реконструкциялоо иштери Түркия насыясынан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлмөкчү. Оңдолчу жолдун жалпы узундугу 1,8 чакырымды түзөт. Жолдун туурасы 6 метрге чейин кеңейтилип, жол кыймылына ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан