Бүгүн, 26-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнда кабыл алынган. Ал Кыргызстанда сүткорлук ишти чектөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин жана чектөө белгилөөнүн укуктук негиздерин аныктайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.