Президент Алмазбек Атамбаев педофилдерге карата химиялык кастрацияны колдонуу мүмкүндүгүн караган мыйзам долбоорду четке какты. Мамлекет башчы “бул мыйзамды жүзөгө ашыруу коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк бербейт жана коомдо адилеттүү кыжырданууну жана жек көрүүнү жараткан оор кылмыштарды жасаган адамдарга карата жазаны реалдуу күчөтүүнү камсыз кылбайт” деп эсептеди. Президенттин пикири боюнча, балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарга каршы туруунун майнаптуулугу кылмыш жазасын ушундай категориядагы, жаш балдарга эле эмес, ошондой эле жашы жете элек адамдарга карата да жасалган кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга чейин күчөтүү жолу менен жогорулатылышы мүмкүн. “Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, химиялык кастрация гормоналдык дары-дармектердин жардамы менен жасалат, алар тестостерондун (эркектердин жыныстык гормону) синтезделишин убактылуу токтотот. Хирургиялык кастрациядан айырмаланып химиялык кастрациянын натыйжасы кайра толугу менен баштагы калыбына келет. Бардык учурларда химиялык кастрация алгач камакта кармоо жерлеринде, андан кийин эркиндикте дарыларды узак бою жана үзгүлтүксүз ичүүнү болжолдойт. Мында жогоруда аталган дары-дармектин таасирин соттолгон адам ийне саюунун жардамы менен тестостеронду алып токтото алат. Ушул негизде мындай кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн аталган механизмин киргизүүгө бюджеттик жана башка каражаттарды колдонууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейм жана башка чараларды кароону сунуштайм. Мисалы, ушундай чаралардын бири болуп мен кол койгон 2013-жылдын 9-июлундагы №126-мыйзам саналат. Ал жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш үчүн жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин катуулатууну карайт. Ошондуктан “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамын максатка ылайыксыз катары кайра кайтарам”,- деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.