Түркияда Томбо аттуу мышык 2 жылдан бери 3-класста "окуп" келет

Түркиянын Измир шаарында таң калычтуу жана жагымдуу окуя 2 жылдан бери уланып келе жатат. Өткөн жылы шаардагы мектептердин биринин башталгыч классына селсаяк мышык келип байырлап калган. Балдардын камкордугуна жана мээримине ээ боло баштаган мышык 2 жылдан бери 3-класстан чыкпай, ошол жерде жашайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып келишет.

Балдар мышыкка тамак беришет, ойношот. Ал эми мектептин кызматкерлери мышыкты мителерден арылтып, жууп-тазалап турушат. Балдар болсо мышыкка Томбо деп ат коюп алышкан.

"Балдар мышыкты чочутуп алсак, классыбыздан чыгып башка класска кетип калбасын деп тынч отурушат. Аны менен ойногонду жакшы көрүшөт. Дил баян тапшырмасы берилсе көпчүлүгү Томбо жөнүндө жазышат. Айрым окуучулар аны менен ойноо үчүн мектепке шашышат", - дейт мугалимдер.

Томбо жакпай калган ата-энелер да жок эмес. Окуучулардын биринин ата-энеси баласы менен чогуу мышыктын бир класста болушун каалабай, мектеп жетекчилигине арыз жазган. Алардын арызын эске алган директор мышыкка башка кожоюн таап берүү тапшырмасын берген. Жаңы кожоюндуу болгон Томбо 3 күн тамак жебей койгон. Кожоюндар мышыкты кайра мектепке жеткирип беришкен. Мектеп жетекчилиги мышыкты штатка алуу чечимин чыгарып, ага ден соолугу тууралуу маалыматтар жазылган атайын сертификат алып беришкен.

Томбонун кайтып келиши бүткүл мектеп үчүн майрам болду. Ал эми мышыктын мектепте жашашына каршы чыгып арыз жазган ата-эне окуучулардан кечирим сурап Томбого кооз каргы белек кылган.

Кызыгы мектепте күлкүлүү эреже бар. Томбо кимдин дептерине барып жатып алса, ошол окуучуга мышык туруп кеткенче жазбай отурууга уруксат берилет. Бул эреже боюнча журналга да белгиленет. Мышыкка баарынан 3-класста отуруу көбүрөөк жагат. Учурда аны 3-класстын сары директору деп атап коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Romantik.
2019-03-28 11:15:17
Ушу кантип болсун эми, э Эржан вставай, на работу пора))
+1
nur_zhoni
2019-03-28 11:18:11
Romantik., Ха-ха
-2
Farra16gsin
2019-03-28 11:24:53
Обу жоктукта
0
salon-1
2019-03-28 11:35:17
Тедраддарын булгап койбойт бекен э
0
Shaa-82
2019-03-28 12:06:01
Каргысы мнекен?
-1
Гүлжан Асанкожоева
2019-03-28 12:27:41
Shaa-82, Үй жаныбарларынын моюунуна тагылуучу нерсе (ошейник). Мышыктын же иттин кожоюндары жаныбарларына аты жазылган каргыларды көп тагышат. Мындан тышкары бит, бүргөдөн коргоочу дагы каргылар болот.
0
Alinur96kg
2019-03-28 13:39:29
Бир нерсе болсо эле каапырларга боло берет деп чыга калчулар жокко.
-1
Skarlett-Skarlett
2019-03-28 14:57:07
Жагымдуу экен,бир жылмайып алдым
0
Samieva8890
2019-03-28 21:04:22
Кызыктуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан