Бүгүн, 29-июлда Ленин райондук сотунда экс-мэр Нариман Түлеев жана анын мурунку кесиптештери боюнча өтүп жаткан соттук отурумда судья менен айыпталуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралды. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Аман Сариев жактоочу келтирген сунушту кабыл албастан, акыркы сөздү сүйлөөгө Нариман Түлеевди чакырды. Өз кезегинде Нариман Түлеев акыркы сөзүн айтпай, сунуш киргизди. “Тергөө иштерин жаңылоону суранам. Урматтуу сот, сизди алмаштырууну суранса да аны аткарбадыңыз, мени соттогонго неге шашып жатасыз. Шашпаңыз, түштөн кийин да убакыт бар”,- деди Түлеев. Судья экс-вице-мэр Валерий Корниенкого акыркы сөзүн сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок ал дагы жактоочу берген сунуштама тууралуу айтып, акыркы сөздү сүйлөгөн жок. Ал эми судья протоколго Түлеев менен Корниенко акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тарткандыгын киргизүү керектигин билдирди. Бирок Нариман Түлеев акыркы сөзүн сүйлөй электигин айтты. “Мен акыркы сөзүмдү сүйлөй элекмин, сунуш берип жатам”,- деди ал. Ал эми судья сунушту акыркы сөз айтып жатканда киргизсе болорун билдирүүдө.