Бүгүн, 29-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда судья Аман Сариев айыпталуучу экс-мэр Валерий Корниенкого (сүрөттө) акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергенде, ал ордунан турбай койду. Судья аны туруп сүйлөөгө чакырганда, Корниенко өзүн жаман сезип жатканын айтты. “Мен жаман болуп жатам, "Тез жардам" кызматын чакырууну суранам”,- деди ал. Өз кезегинде анын жактоочусу Дмитрий Лубинцов "Тез жардам" кызматы чакырылганын айтты.