Баасы 6 миң сом турган Хендай Портер унаасынын бир дөңгөлөгүн бирөө чыгарып кеткенин айтып, милицияга 24 жаштагы бишкектик С.К. аттуу жаран кайрылган. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, окуя 28-июлда саат 04:30 чамасында, шаардагы унаа токтотуучу жайда болгон. Укук коргоо кызматкерлери ыкчам чара көрүшүп, кылмышка шектүүлөрдү көп узатпай кармашты. Алар 23 жаштагы Сокулук районунун А.А. жана Бишкектин Т.Б. аттуу тургундары. Тергөөдө алардын бул кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Иликтөө жүрүп жатат.