27-июль күнү саат 09:00 чамасында Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын аймагынан Тажикстанга аткезчилик жол менен алынып бараткан 3,5 миллион сомдук дары колго түштү. Укук коргоо кызматкерлери Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны токтотушуп текшерүүгө алышканда, эч кандай документи жок аталган товар табылган. Бул тууралуу Баткен РИИБи билдирди. Кармалган дарынын баасы 3,5 миллион сом экени белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.