ФИФАнын рейтинги: Кыргыз өлкөсү 95-орунга жайгашып, Орто Азиядагы лидерликти Өзбекстанга тарттырып жиберди

Тектеш кабарлар: Кыргыз өлкөсү ФИФАнын рейтингинде (58 материал)

Бугүн, 7-февралда ФИФАнын расмий баракчасында 2019-жылдын январь айына карата футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги жарыяланды. Ага ылайык, Кыргыз курама командасы 211 мамлекеттин ичинен 95-орунга жайгашты. Декабрь айындагы рейтингде Кыргыз курамасы 91-орунда турган. Бул аралыкта "Ак шумкарлар" 6 беттеш өткөрүп, 2 жолу гана жеңишке жетишкен.

Улуттук курам Азия Кубогуна даярдануу учурунда Иордания менен болгон жолдоштук беттеште 1:0 эсеби менен жеңишке жетишсе, Катар курама командасы менен жолдоштук беттеште 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Азия Кубогунун тайпалык баскычында Кытайга 2:1, Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеңилсе, Филиппинди 3:1ге жеңип алган.

Ал эми жарым чейрек финалда талаа ээлери БАЭ курамасынан 3:2 эсебинде жеңилген.

Буга байланыштуу Кыргыз курамасы 11 упай жоготуп, 1253 упай менен 4 тепкичке ылдыйлаган.

Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан 95-орундан 89-орунга көтөрүлүп Орто Азияда биричи орунда келе жаткан Кыргыз өлкөсүн ашып өттү. Ал эми Казакстан 117, Тажикстан 120, Түркмөнстан 136-орунга жайгашкан.

Рейтингдеги лидерлик саптагы 20 команданын ичинде өзгөрүү болгон эмес. Алдыңкы үчтүктө мурдагыдай эле Бельгия, Франция жана Бразилия командалары турат. 4 жана 5-сапта Хорватия менен Англия курамалары жайгашса, Орусия 50-орунга ээ болгон.

ФИФАнын кийинки жаңыланган рейтинги 4-апрелде жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
trabzon11
2019-02-07 17:46:10
Алга Кыргызстан Аллах колдосун..
+8
D.I.D.
2019-02-07 17:57:53
Казактар бизден артта экен го.Ушу АФКда эле журо беришпейби дейм да,каяктагы УЕФАга тырмаландабай
+5
trabzon11
2019-02-07 19:06:05
D.I.D.,ошону айтамда.өзу азият өлкө
Анан ойногону Европада..
+2
Dembele84
2019-02-07 18:27:20
Жаман эмес,бирок Азиядагы футбол менен Европаныкын салыштырып болбойт
+5
rysik79
2019-02-07 23:27:50
Узбектерден ойдо болсок деген оюум да туугандар.
+1
Patoshik1
2019-02-08 00:09:09
rysik79,Озбектер всегда ойдо болот.без шансов!!!
-3
bond
2019-02-08 01:03:30
Patoshik1,галдираба Галдирбай.
+3
Busi06
2019-02-08 05:10:51
Кечеки оюнда судия болгон Кытай ХХХ Наркы командага тартпаганда биздикилер Орто Азия боюнча 1чи де болуп Озбекстан бизден артта болот эле!
+4
ventus
2019-02-08 15:07:03
Кыргыз жери, Кыргыз өлкөсү дебей эле Кыргызстан деп жазсаңар болбойбу? Же өзгөчөлөнгүңөр келип жатабы?
-1
Tamara.99
2019-02-08 18:52:58
Кыргызымдын жигиттери күчтүүсүздөр буйруса 1 чи оорунга да жетебиз акча жагынан Өкмөт жардамын берип турса эчак эле алдыга чыгып кетмекбиз,Кыргызымдын жигиттери алгааа ,алгаааа Кыргызстаным.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан