Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча соттук отурумда уруш чыкты

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча соттук отурумда уруш чыкты. Бул тууралуу айыпталуучу Мелис Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкова билдирди.

Анын айтымында, сот залына эки тараптын тең жакындары кирип отурган убакта жабырлануучу тарап айыпталуучу Мелис Калыковдун жакындарын залдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

"Маркум прокурордун туугандары бизди сыртка чыгып кетүүнү айтышты. Мындан улам уруш чыкты. Ал эми айыпталып жаткан иним сотко кайрылып иш менен толук тааныша электигин айтып, жактоочубуз дагы убакыт берүүгө өтүнүч келтирди. Бирок сот канааттандырган жок. Иш 12 томдон турат экен. Ар бир том 300 барактан. Иш менен таанышып чыгуусуна 12 күн берилген. Биз толук таанышып бүтө алган жокпуз. Жактоочу шашпай окуп, фактыларды табышы керек да", - деди Калыкова.

Ошондой эле Калыкова ишти карап жаткан судья Жолборс Кудаяровдун өзүнө ачылган кылмыш иши бар экенин айтты.

"Судьянын өзүнө козголгон кылмыш иши жабылбай жатып деле башканын ишин карай береби? Биз тийиштүү тараптарга кат жолдоп, расмий маалымат алуудабыз", - деди айыпталуучунун эжеси.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу болуп каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. 2018-жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 2018-жылдын 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
semo
2019-05-24 12:42:18
кылмышкер жазасын алсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан