Москвада акын Меңди Мамазаированын 70 жылдыгына арналган кече болуп өттү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде акын Меңди Мамазаированын 70 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу 1-августта элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. М.Мамазаирова СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, маданиятка Эмгек сиңирген ишмер жана “Даңк” медалынын ээси. Кечеге Кыргызстандын жана Орусиянын жазуучулар союзунун мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, "Москва кайрыктары", "Аруу дүйнө", "Ырысбайчылар" клубдарынын жаш акындары катышты. Кеченин жүрүшүндө катышуучулар акындын чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуу менен бирге анын жолдошу Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган ырларды ырдашты. Кеченин аягында акындын өмүрүн чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
LISICHKA
2013-08-01 16:00:00
Рахмат эже,омурунуз узун болуп коп жашаныз.Дагы-дагы коптогон жаны ырларды жарата бериниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан