Баткендеги тажик тараптын кол салуусунан жараксыз абалга келген Максат айылындагы мектепте 20 мугалим эмгектенчү

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министр Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы мектепте, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте, Алгынбай Имаров атындагы мектепте жана Кызыл-Топу мектебинде жайгашкан тургундар менен жолугушту.

"Андан ары Алмазбек Бейшеналиев Баткен районуна барып, №57 кесиптик лицейде баш калкалоого аргасыз болгон тургундар менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарт менен таанышты. Ошондой эле Ак-Сай айылындагы М.Ходжаев, Ак-Татыр айылындагы Ж.Момунов атындагы жабыркаган мектептердин абалын өз көзү менен көрүп чыкты.

Министр Баткендеги сапарын улай Лейлек районуна барып, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту. Ошондой эле болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан Максат орто мектебинин, Сейтек-Максат балдар бакчасынын абалы менен таанышты", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан жараксыз абалга келген Максат айылындагы Максат мектебинде 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан