Кыргыз өлкөсүнүн аймагына тажик чек арачылары кирип кеткен. Учурда абал туруктуу

29-февраль күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагына тажик чек арачылары кирип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"29-февраль күнү Лейлек чек ара отрядынын чек арачыларына жергиликтүү тургундан саат 17:30 чамасында Сай жерлигинде Кыргыз Республикасынын аймагына 30-40 метр кирип кеткен Тажик Республикасынын куралсыз чек арачылар байкалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган жерге застава башчысы келип, тажик чек арачылары жергиликтүү тургунду - Кыргыз өлкөсүнүн жаранын көрүп, кайра Тажикстандын аймагына кайтканын аныктаган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда кыргыз тарап тажик өкүлүнөн Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Тажикстандын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүүсү боюнча түшүндүрмө талап кылган. Тажикстандын чек ара өкүлү тажик чек арачыларынын мамлекеттик чек арадан адашып калгандыгын, бул аймакта инженердик тосмолор болбогондугун айтып, аталган факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзө тургандыгын убада кылды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
voennyi88
2020-03-01 09:19:57
Алдадыбы,алдандыкбы,Г.Сатыбеков.
+3
talaa11
2020-03-01 09:39:47
Чондорубуз Лох болсо ушуда.Тажиктер Кыргызстанды таптакыр тоготпой калышты тенине алышпай
+9
Altyn2017
2020-03-01 10:14:52
Деди деп жүрө берсенер Кыргызга күйгөн бир патриот чон барбы деги алпарып камап койуш керек болчу ошондо экинчи кирбей турган болот эле.
+6
lazygirl
2020-03-01 13:27:24
Ошентип Кыргызстандын жараны Өзбекстанга өтүп кетсинчи, жөн эле алпарып камап коет бир жыл бир жыл.
+2
Dembele84
2020-03-01 14:06:09
Биз Жака жон эле кирип алыптыр,эч нерсе болбойт,баары жакшы,баары сонун деп жата бергиле ХХХХХ!!!
+2
Mister-X
2020-03-01 14:37:08
Чек арачыларга жергиликтуу тургун кабар бериптир.Анда чек арачылар каякты карап жатат?Чалкалап жаткан окшойт,беркиден бастырып коюп.
+2
Dani
2020-03-01 14:39:35
Тооба адашып калыптыр,байкабай кирип кетиптир,чай берип сыйлап узатып койгула чондор
+3
Dembele84
2020-03-01 20:30:46
Тынар айтмакчы:Биздин чек арачылар алардын кирип келгенин корбой эле,эч нерсе менен иши жок таштын устундо семечки чагып коюп жатса керек да,автоматты кранга жолоп коюп)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан