Чек арадагы кагылыш: Тажикстандын басылмалары 3 тажик аскер кызматкеринин каза болгонун жазууда

Кыргыз-Тажик чек арасындагы эки тараптын кагылышы боюнча Тажик тараптын версиясын жергиликтүү маалымат булактары жазууда. Анда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалыматында, ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаган деп белгиленген.

"Кечээ, 16-сентябрь күнү саат 18:45 чамасында кыргыз тарап Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерди баштаган. Ал эми тажик тарап аны токтотууну талап кылган. Ошондой эле маалыматта эки тараптуу макулдашууга карабай, кыргыз тараптын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тарткан. Тактап айтканда, Тажикстандын куралданбаган жергиликтүү тургундарына карата ок атып, бир нече киши жаракат алды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле анда эки тараптын кагылышынан Тажикстандын 3 жараны каза болгондугу жазылат. Алар:

1. Убайдуллоев Рустам Амонулоевич 1984-жылы туулган, чек арачы жамаатынын коменданты.

2. Исломов Рамазон Ахмадович 1998-жылы туулган, катардагы аскер.

3. Суванов Гиёсидин Надмидинович 2000-жылы туулган, катардагы аскер.

Ал эми кыргыз тараптан жалпы 13 адам жаракат алып, алардын ичинен атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов окуя болгон жерде көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monok2001
2019-09-17 12:13:04
Покту жептир тажиктер
+5
Bars88
2019-09-17 12:18:35
Баары олуп калса кана.Атайы даярданышкан да.Абал туруктуу дебей эртерек куралдуу кучторду алып барыш керек.
+5
Kyrgyz_bloger
2019-09-17 12:19:34
Бетпактар калп айтып жатса керек
+5
maksymtegin
2019-09-17 12:50:39
Кырып салыш керек эле довно
+5
Aktan2018
2019-09-17 13:14:24
Лапша чойгондон булар озбектерден да ашып кетет го.оз жерибизди коргогондон эмнеге коркобуз.аша менен Мадумаровду куноолоп отура бергенде не пайда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан