Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Назирмад Ализода чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында "Тарыхты көтөрө турган болсок, анда мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталыштагы макала жарыяланып, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат", - деген сөздөрдү айткан.
"Навжувонов тарыхты бурмалоо жана фактыларды алмаштыруу менен алектенген. Мындан улам Абдулло Навжувоновдун айткандары боюнча кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатат. Күч органдарынын өкүлдөрү чагымчыл аракеттердин ордуна мындай көрүнүштөрдү жөнгө салышы керек. Тажикстандан расмий маалымат күтөбүз жана мындай фактылар экинчи кайталанбайт деп ишенебиз", - деп жазылат маалыматта.