Кыргыз-Тажик чырында октон жаракат алган бейтап чет өлкөдөн дарыланып келди (сүрөт)

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жаракат алган жабырлануучу Түркиядан дарыланып келди. Аны бүгүн, 2-августта "Манас" эл аралык аэропортунан саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана дарылоо башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова тосуп алды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 37 жаштагы К.Ч. дарылануусун Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда улантат.

Эске салсак, бейтап 14-майда Түркияга дарыланууга учуп кетип, 2 айдан ашуун убакыт бою аталган өлкөдөгү клиникалардын биринде дарыланды.


К.Ч. Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын тургуну. Ал 30-апрелде көзүнөн алган жаракатынан улам травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна келип түшкөн.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги куралдуу чыр-чатактын алгачкы күндөрүнөн тарта жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча ишти уюштурган. 29-апрелден баштап оор жаракат алгандар Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Жалпысынан Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында 173 адам жаракат алып, 36 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан