Султанбай Айжигитов: "Тажик тарап "сойломо жол" менен биздин жерлерди талаштуу жерге айлантты" (видео)

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырлуу чатактарга дээрлик 30 жылдан бери чекит коюлбай келет. Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан кийин 1-майда Баткен облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталган.

Анда эки тарап мындан ары эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт деген бүтүмгө келишкенин билдиришип, жолугушуунун жыйынтыгында 4 пункттан турган протокол кабыл алышканын жарыялашкан.

Андан 2-3 күн өтпөй Тажикстандын маалымат булактары Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганын жана салынган жолду башкаруу тажик тараптын компетенциясында боло турганын жазып чыкты.

Бул жаңылыктын жарыяланышы жазылган маалымат боюнча Кыргыз тарапты комментарий берүүгө аргасыз кылды.

Көп өтпөй Кыргыз өлкөсү бул маалыматты тастыктап, Тажикстан менен биргеликте Ворухка жол кура турганын расмий кабарлады.

Бул маалымат жарыялангандан баштап азыркы күнгө чейин кызуу талкууланып, кайчы пикирлерди жаратууда.

Анда Ташиев-Ятимов протоколу Кыргыз өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыгына каршы экени, аны тааныбай турганын айткан жарандар жапырт пикирин билдирип башташты. Айтымдарында, бул жолдун курулушу эки тараптын ынтымагын кайрадан ыдыратып, жай тургундардын тынч жашоосуна бүлүк салчу кадам.

Бул маселелер түрткү болуп SUPER.KG порталы Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов жана активист Элбек Хабибуллаев менен маектешти.

Айжигитовдун айтымында, тажик тарап Кыргыз бийлигин көп учурда протокол менен башын айландырат. Анын маалыматына ылайык, тажик тарап кыргызга тиешелүү көп жерлерди өздөрүнө каратуу максатында талаштуу деп документке кол койдуруп алат.
"Ошентип талаштуу жерлер көп болуп кетип жатат. Азыр ошол жакка сала турган жолдор дагы талаш жер болуп калды. Головной талаш болуп калды. Азыркы салабыз деген жолдун аймактары да талаш болуп калды. Бийлик башына келген бийлик өкүлдөрү баарын чечтик деп интервью беришет, бирок жыйынтыгы биз ойлогондой эмес".

Премьер-министр Улукбек Марипов парламенттин 3-февралдагы жыйынында Баткендеги чек ара маселеси тууралуу сөз сүйлөгөн. Анда депутат Абдывахап Нурбаев ал аймакты өнүктүрүү стратегиясы жана Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолунун курулушу боюнча суроо берип, ага Марипов жолду куруу зарыл экенин айтып, жооп берип жатып төмөнкүдөй пикирин билдирген.

"Тилекке каршы, ал жерде Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын да баш жагын алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Ал жерде стратегиялык маселелер бар. Биз жол маселесин чечишибиз керек", - деген Марипов.

Анын айткан пикири боюнча Айжигитов төмөнкүдөй комментарий берди.

"Марипов деле жаштык кылып ошол протоколду көрүп айткан да. Негизи 2016-жылы ошол убактагы вице-премьер-министр болуп турган киши чыр-чатакты басабыз деп барганда тажик тарап Ак-Сай дарыясынын суусун биргеликте колдонобуз деген.

Головнойдон сууну октябрдан тартып апрелге чейин биз Төрт-Күл суу сактагычынан буруп иштетебиз, апрелден тартып октябрга чейин тажиктер ичишет. Ошондой келишим болгон. Кайырма деген тажиктердин жерин сугарганга 3 куб эле суу алганга жете турган канал бар. Бирок 2016-жылы чыр-чатак чыкканда кайра биздин бийлик өкүлү барганда алар бир шарт коёт "макул чыр-чатакты басыш үчүн протокол түзөлү, Кайырма деген каналды 3 куб эмес, 23 кубга теңейли" дейт.

Ошентип алар вице-премьер-министрди көндүрөт. Анан 2016-жылы кайра ошол түзүлгөн протоколго кол коюп берет. Тажик тарапка ушул протокол майдай жагып, алар биздин жерлерди кайра басып алууга шарт түзүп, биз аларга кайра өзүбүз суу алып барып бердик. Алар кыргыз тарапты протокол менен алдашат. 2016-жылы деле ошондой болгон. 2019-жылы да протокол түзүлгөн, анда да ошол эле вице-премьер-министр барып анын баарын мыйзамдаштырып салат. Анан аны Марипов окуп алып ошону айткан. Кечээ жакында Марипов жини келип, эмоцияга алдырып "мендей күйгөн адам жок" деп айтты. Ооба, ал чынында эле алдырып коюптурбуз деп күйүп айткан. Марипов ал жерде туура эле айткан".

Айжигитов протоколдун миң күчү жок дегени менен, коңшу өлкө аны бекем документ кылып ала турганын төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Көрүп жатабыз протоколдун миң күчү жок дегени менен, булар документ кылып техникаларын киргизип, ээлеп алып жатышат. Эмесе, талаштуу деген жерлердин баары кыргызга тиешелүү. Азыркы күндө эми акылга кирип жол курайын десек тажиктер жолду курдурбай жатат. Алар ошол жер тилкени протокол аркылуу талаш деп киргизип алышты. Талаш деген жер түшүнүгү ошондо пайда болду. Тажик тарап бизге эч нерсе дей алчу эмес. Мен ошол жерден шагыл алып жатышса, шагыл да алдыртчу эмесмин", - деди Айжигитов.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканы кабарланган. Анда чыр Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен чектешкен чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүп баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары ишти токтото турууну өтүнүшкөн, бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишин токтоткон эмес.

Андан соң тажик тарап Головной тилкесиндеги электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. Ага Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, видео камераларды уруксатсыз орнотууну токтотууну талап кылган.

Ал эми 29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, чырды Тажик тарап баштаганын маалымдады. Маалыматта айтылгандай, кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон.
Соңку маалыматтарга ылайык, ок атышуунун натыйжасында 200гө жакын адам жабыркап, 36 киши каза болду.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kazakov1991
2021-05-14 21:13:57
Баткенди баткен областы кылган ушул Айжигитов ,баткенди ийне жибине чейин билет.
+8
AdylbekB84
2021-05-14 23:32:33
Өзү губернаторду Баткендиктердин өздөрүнө эле берсе жакшы болмок, Айжигитов, Айбалаев ушулар билет чек -аранын кайсы жери Кыргызстандыкы экенин.
+4
Aibek_eka
2021-05-15 02:52:02
Айбалаевти губернатор кылыш керек эле озу
+2
Azat-123
2021-05-15 05:18:38
Aibek_eka,Кай жакта ал азыр?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан