Баткендеги чек арада чыккан жаңжалдан тажик тараптан 19 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, 87 адам жаракат алган.
"Чек ара чырында тажик тараптан 19 адам каза болуп, 87 адам жаракат алды. Ал эми тажик өкмөтү жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына жардам катары жалпы 3 миллион сомони бөлдү", - деп жазылат жергиликтүү маалымат булактарында.
Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.