"ИИМдин, УКМКнын жетекчилери иштен кетип, президентке импичмент каралсын" деген арызга Башкы прокуратуранын жообу

КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында орун алган мыйзамсыз иштер боюнча 1700 кишинин колу коюлган арызды Башкы прокуратурага жөнөтүшкөнүн маалымдаган. Арыздануучулар ички иштер министри, УКМКнын төрагасы, "Альфанын" башчысы, башкы прокурор өзү да иштен кетип, президентке импичмент каралышын талап кылышкан.

Бул боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты. Анда жазылгандай, ушул тапта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы тарабынан Кой-Ташта болгон окуя боюнча 8 иш сотко чейинки өндүрүштө иликтенүүдө.

"Адам өмүрүнө кол салуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу, башаламандыкты уюштуруу, бейбаштык фактылары боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Ушул жылдын 8-августунда Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомуна ылайык, Башкы прокуратурага Кой-Ташта 7-8-август күндөрү орун алган окуяларды ар тараптуу тыкыр иликтөө тапшырмасы берилген", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн беренелер боюнча бир нече адамга айып тагылып, аларды камакка жана үй камагына алуу боюнча баш коргоо чаралары каралганы белгиленгенин билдирүүдө.

"Муну менен катар эле жамааттык негизде ички иштер министри, УКМКнын төрагасына байланыштуу жазылган арыз буга чейин сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында каралуусу үчүн Аскердик прокуратурага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет.
Ал эми ушул жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта жабыркагандар боюнча жазылган арыз ИИМдин Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. Анда сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштердин алкагында бул арыз да каралат. Ал иштерди ИИМ, Аскердик прокуратура, УКМК, Финполдун тергөөчүлөрүнөн куралган тергөө тобу иликтейт", - деп маалымдалды Башкы прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан