Баткен-Исфана багыты боюнча учак каттай баштайт

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен-Исфана авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой авиакаттам 16-мартта саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.

Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу дүйшөмбү күнү учат.

Азыркы учурда кыргыз өкмөтү тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз 2 жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү уюштуруу маселеси иштелүүдө.

Аталган авиакаттамдар "Тез-Жет" авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Авиабилеттин баасы: 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ilbirs
2019-03-15 22:02:44
Ош-Исфана багыты боюнча да учак кою керек!!!
+8
islamidin
2019-03-15 22:07:04
Туура кадам чек ара такталып буткончо жолду ачпай таджиктерди ким аркылуу жашап жатканын корсотуп койгулачы
Биздин чондор
+10
shirinai
2019-03-15 22:07:25
Бишкек Исфана багытына билет баасын томондотушсо жакшы болмок.
+8
aida007
2019-03-15 22:35:51
Жол ачылса бул каттам анча деле зарыл эмес ош исфана каттамын койсо сонун болмок
+8
Gulnyr19
2019-03-16 02:15:14
Баткенден Исфанага учуп калат экенда э
+2
Ulan2601
2019-03-16 08:25:15
10 минутада Баткенге жетет экенбиз да
+1
bek_tash
2019-03-16 08:50:04
Ulan2601, "30 мүнөт" деп турат го
+1
Rifle_I
2019-03-16 10:05:30
Элди алдабай, маселени чечиш керек. Жолду ачыш керек. Чек араны такташ керек
Анан жердеги маселе кала берсин, биз учуп өтөбүз дегени бул алсыздык.
+2
bazar
2019-03-16 11:42:20
Авиякомпанияга жакшы болуптур. Жакынкы күндөрү 3000 сомго бааны көтөрүп алат көрөсүңөр го. Азыр эл көзүнө 1000 сом деп жатат мурдун тыгып алганча.
+2
Adhambek
2019-03-16 15:30:40
Бир депутат айткан еле 3 4 жыл мурун чегараны чечели тажикстандын анклавы чонойуп отуруп эртен исфана баткан Вертолет самолёт менен Ошко учуп отуп калбайлы деп чечели батырак деген эле ошол туура айткан экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан