Депутат Аида Касымалиева Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча кандай иштер жүрүп жатканы боюнча өкмөт маалымат берип туруусу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"2019-жылдан бери Тажикстан менен чектеш чек арада 6 кагылышуу болду. Эки жакта тең өлүмдөр, жарадарлар болуп жатат. Бул маселелерди Жогорку Кеңеш карады. Жол, суу маселелери чечилди. Чек араны тактоо иши, комиссиянын иши кандай болуп жатат? Өкмөт Жогорку Кеңешке маалымат бериши керек", - дейт Касымалиева.