Баткендеги Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалдан 8 адам жабыркады. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Баткен облустук ооруканасына 8 адам кайрылган. Жабырлануучулардын экөөсүнө тез арада операция жасалды. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн Оштон хирург-реаниматологдордун тобу чыгып кетишти. Учурда жабырлануучулар бардык медициналык каражаттар менен камсыз болду", - деди маалымат кызматынан.
22-июлда саат 17:20да Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган.