Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди жабык эшик артында талкуулашты. Жыйынтыгында токтом кабыл алынып, өкмөткө делимитация жана демаркация боюнча иштерди улантуу, социалдык маселелерди чечүү сыяктуу тапшырмалар берилгенин SUPER.KG'ге депутат Мирлан Бакиров кабарлады. Бакиров аталган маселенин купуялуулугу үчүн азыр көп маалымат берилбей турганын белгиледи.
"Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелер боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, токтом кабыл алдык. Анын негизинде өкмөткө делимитация жана демаркация боюнча иштерди улантуу, дипломатиялык жол менен талаш жерлерди, социалдык маселелерди чечүү тууралуу тапшырмалар берилди. Буга чейин чек арага жакын жайгашкан айылдардын статусу, социалдык маселелерди чечүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык өкмөт тарабынан мамлекеттик программа сунуш кылып, Жогорку Кеңеш бекитип бериш керек эле. Токтомдо ошол программаны иштеп чыгууда камтылды. Өкмөткө берилген тапшырмалардын аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүү тийиштүү комитеттерге жүктөлдү. Белгилүү убакыт өткөндөн кийин аткарылган жумуштар тууралуу өкмөттүн маалыматын угабыз", - деди Бакиров.
13-мартта Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып, жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.