Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй курулуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашып, абалды чагылдырган сүрөттөр менен бөлүштү.
"8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чыр-чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө курулушка мамлекет тарабынан жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн.
Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү боюнча Баткен районунун жетекчилигине тапшырма берген", - деп айтылат маалыматта.
Турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, чыгымдын орду толтурулат.
Эске салсак, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.