Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан Баткендеги Максат айылындагы Максат атындагы мектептин имаратына ок тийип жабыркаган.
Аталган мектеп 225 балага ылайыкталып курулуп, учурда мектепте 196 бала билим алып жаткан. Ок имараттын алты-жети жерине тийип, дубалдарды тешип кирип, айнектерди талкалаган.
Атылган октор оор куралдар менен атылганы, октор автоматтын огу эмес экени тууралуу Максат атындагы орто мектебинин директору Каттабек Жумабаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан Максат айылындагы Максат атындагы мектеп жабыркады. Атылган октор оор куралдар менен атылган, октор автоматтын огу эмес. Мектептин чыгымдарын учурда ӨКМ эсептеп жатат. Бул жерге мамлекетке тиешелүү кызматтар келип, мектепти өз көздөрү менен көрүп кетишти. Тиешелүү кызматтар имаратты тазалабай турууну суранышты. Мектеп мамлекеттик мүлк болгондон кийин, тиешелүү чаралар көрүлүп, иш ачылат экен. Ок атылган күнү жергиликтүү тургундардын бардыгы Эски-Оочу айылына көчүрүлгөн. Ошол эле күнү көчкөн эл менен бирге ал айылдын Абдырахман Момунов атындагы мектебине биздин окуучулар убактылуу жайгаштырылган.
Мындан сырткары, окуучуларыбыз Арка, Маргун, Кулунду айылдарында жайгашкан мектептерде дагы окуп жатышат. Анткени кимдин кайсы айылда тууганы болсо, ошол тууганынын үйүнө барып, ал жакта жайгашкан мектепте окуп туруу ыңгайлуу экенинен улам ушул чечимге келгенбиз.
Менден райондук Билим берүү бөлүмү окуучулардын кайсы жакта окуганын далилдеген тизмени талап кылгандыктан, учурда ошол тизмени түзүп, тактап жатам", - деди Максат мектебинин директору Жумабаев.