Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берет.
Бул маселе кечээ, 18-сентябрда каралмак. Төрага Дастанбек Жумабековдун Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Мындан тышкары, жыйында 3 маселе каралат.