Мектептин аймагында окуучуларга карта фокустарын көрсөтүп жаткан адам кармалды

Бишкектеги мектептердин биринде окуучуларга карта менен фокус көрсөтүп жаткан киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү Ленин РИИБине шаар тургуну Б.О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал баласы окуган мектептин аймагына шектүү адам келип, окуучуларга фокус көрсөтүп жатканын билдирген. Аталган мектепке дароо Бишкек ШИИББинин кызматкерлери барган.

"Окуучуларга карта менен фокус көрсөтүп жаткан жаран кармалып, Ленин РИИБине алынып келинген. Ал 42 жаштагы Т.Т. аттуу жаран болгон. Ал мектептин жанында курулуп жаткан имаратта жумушчу болуп иштегенин айткан. Тартип сакчылары ал жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектептин аймагында мындай иш-аракеттерге тыюу салынганын эскертти. Ошондой эле бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirbek2211
2019-09-25 13:30:39
Циркке бар фокусник
0
PROS
2019-09-25 14:22:37
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп эмне кыласыңар?! 15 күнгө камап койгула, а то секелек кыздарга "фокус" көрсөтүп жүрбөсүн акырындан алдап отуруп!!!
+7
Dalil
2019-09-25 15:00:02
Бул жанагы Ак-Өргө конушунун 84-мектебинен кармалган славян улутундагы киши окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан