Москва шаарында "Нелегал" рейди жүргүзүлүп жатат

Москва шаарында "Нелегал" рейди жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Москва шаары жана Москва облусу боюнча миграциялык мыйзамдарды бузган адамдарга карата рейд жүрүп жатат. Текшерүүгө бир гана Кыргыз жарандары эмес, башка улуттун жарандары деле дуушар болууда. Эгер Орусиянын мыйзамдарын бузгандар катталса, административдик жазадан тарта, депортациялоого чейин чара колдонушат. Элчилик таксисттер тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматты дагы тактады. "Нелегал" рейди белгилүү бир тармактагы мигранттарды текшерүүнү көздөбөйт. Анда улутуна, өлкөсүнө карабай мыйзам бузгандарга рейд жүргүзүлөт", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekish-
2019-10-04 04:27:41
Оа. Москвада аябай текшерип жатышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан